САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 3/10
Шамен атындагы орто мектебинин директорунун маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айылындагы Шамен атындагы орто мектебинде 2022-2023-окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө мектептин директору Ж. Назаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мектептин 2022-2023-окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө мектептин директору Ж. Назаровдун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Мектептин окуу, тарбия иштерин жүргүзүүдө ички эмгек тартибин сактоону, билим берүүнүн жаңы багыттарын колдонуу менен окуучуларга татыктуу тарбия, билим берүүнү камсыз кылуу жагына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы мектептин директору Ж. Назаровго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Зарылбек уулу |