САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 3/12
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча жергиликтүү салыктын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык жергиликтүү салык пландарынын 2023-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча баардык салыктардын түрлөрү боюнча аткарылгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисинин убактылуу милдетин аткаруучу Д. Тайдаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү салык пландарынын 2023-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисинин милдетин убактылуу аткаруучу Д. Тайдаеванын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда план-тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э. Сулаймановго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Зарылбек уулу |