Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы

2023-жылдын 18-сентябры № 3/13

Сары-Булак айыл аймагында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө

Административдик-аймактык реформанын негизинде бириктирилген Сары-Булак айыл аймагынын жайытка тиешелүү маселелерин, калкты ичүүчү таза жана сугат суу менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу маселелерин чечүү үчүн муниципалдык ишкана түзүү зарылдыгы келип чыккандыгы тууралуу Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” 26-декабрь 2022-жылдагы №713 Токтомун жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

 1.   Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “Төлөк-Ак-Кыя” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.

 2.    Токтомду аткарууга алуу жана жаңы түзүлгөн муниципалдык ишкананы уюштурууда уставын бекитүү жана каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.

 3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Зарылбек уулу