ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 12/1
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылга аткарылышы жана 2023- жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Үркүнбай уулунун 2022-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2023-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндөгү билдирүүсүн,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат.
1.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы
пландан сырткары кошумча кабарландырмалар менен канааттандырарлык деп
табылсын.
2.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнөн 2023-жылга калган 2523,1(эки миллион беш жүз жыйырма үч миң бир жүз)сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
-Жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 200,0 миң сом.
-МЧС үчүн 200,0 миң сом.
-Долбоорлор үчүн 300,0 миң сом.
-Караган-Сай айылындагы Кара-Булуң трансформаторун оңдоого 100,0 миң сом.
-Айыл өкмөттүн кеңсесинин жыйындар залын оңдоого 100,0 миң сом.
-Резерв ротага 30,0 миң сом.
-Ар бир даталуу майрамдарды белгилөө үчүн 200,0миң сом.
-Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө “Беккари”чуңкурун курууга 400,0 миң сом.
-Түнкү жарыктандырууларды оңдоого 100,0 миң сом.
-Музыкалык аппарат алууга 90,0 миң сом.
-Таштанды полигонун тосмолоого 338,8 миң сом.
-Орто мектептерге көмүр алууга 200,0 миң сом.
-Күйүүчү дизель майын сатып алууга 214,3 миң сом.
-Терс айылындагы мектептин ашканасынын оңдоп-түзөөсүнө 50,0 миң сом.
Жалпысы:2523,1 (эки миллион беш жүз жыйырма үч миң бир жүз) сом жумшалсын.
3.Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы айыл
өкмөттүн каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына бекитилсин.
5.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |