ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 14/1
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнөн 2023-2024-окуу жылына көмүр сатып алууга 2023-жылдын киреше бөлүгүнүн 6 айлык планына 350 000 (үч жуз элүү миң)сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Э.Ж.Кочкорбаевдин билдирүүсүн жана айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнөн 2023-2024-окуу жылына көмүр сатып алуу үчүн 2023-жылдын киреше бөлүгүнүн 6 айлык планына 350 000 (үч жуз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнүп берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |