Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 14/4
Жаңы-Жол айыл аймагындагы жайыт жер,айыл чарба багытындагы жана башка пайдалануудагы жерлерди жеке менчик,ижарага алуу,ошондой эле узак мөөнөткө пайдаланууга алган жерлерге инвентаризация жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүү боюнча
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Э.Ж.Кочкорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Аталган маселе боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:
1.Бейшеналиев Камбар-Айылдык кеңештин төрагасы.
2.Субанкулов Жыргалбек -Жайыт комитетинин төрагасы
3.Байызова Гүлсина-Айылдык кеңештин депутаты
4.Эшимбеков Нуралы-Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси
5.Маметов Арзыкул-Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн юристи
6.Манасов Кубанычбек-Терс айылынын айыл башчысы
7.Чыныбаев Элдос-Кой-Таш айылынын айыл башчысы
8.Темирбеков Матеншер-Таштак айылынын айыл башчысы
2.Түзүлгөн комиссия аталган маселе боюнча иш алып барышсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына бекитилсин.
4.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |