ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 14/7
Жаңы-Жол айыл аймагындагы “Малкалды”муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги менен айлык акысын кароо жана таза сууга төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча “Малкалды”муниципалдык ишканасынын директору Э.Нарботоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жол айыл аймагынын таза суу менен камсыз болгон ар бир абонентине бирдиктүү тариф-1метр куб (м З) короткон сууга 42,20 (кырк эки сом жыйырма тыйын)сомдон бекитилсин.
2.Таза сууга төлөнүүчү тарифтер тууралуу маалыматтарды элге жеткирүү,түшүндүрүү иштери муниципалдык ишкананын кызматкерлерине жана айыл башчыларга жүктөлсүн.
3.Муниципалдык мекеменин штаттык бирдиги жана айлык акылары тууралуу маалымат №6тиркемесинде көрсөтүлгөндөй бекитилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жүргүзсүн.
5.Аталган токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |