ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII Чакы рылышынын кезектеги XIV сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 14/10
Жаңы-Жол айыл аймагынын тургундары Төрөбеков Сулум,Нышаналиев Саламбек,Келсинбеков Кадырга “Жаңы-Жол айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Э.Ж.Кочкорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жол айыл аймагынын тургундары эл агартуунун отличниги Төрөбеков Сулумга,коомдук ишмер Нышаналиев Саламбекке жана Алыш күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону,эл аралык даражадагы спорт чебери Келсинбеков Кадырга Жаңы-Жол айыл аймагынын ардактуу атуулу наамы берилсин.
2.Аталган жарандарга наамдарын тапшыруу салтанатын уюштуруу Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн соц.адисине жана маданият кызматкерине тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына бекитилсин.
4.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |