КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 18-сентябры № 2
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн балансында турган, эскилиги жеткен авто унааны тоорукка коюу жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн балансында турган 2007-жылы чыгарылган ВАЗ 21074 мамлекеттик номери 0661ТА болгон кызматтык авто унаанын эскилиги жеткендигине байланыштуу көз карандысыз баалочу К.Товкеевдин 21.10.2022 жылындагы отчотунун эске алып талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кеңешинин кезексиз VIII - чакырылышынын 15-сессиясы токтом кылат:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн балансында турган 2007-жылы чыгарылган ВАЗ 21074 мамлекеттик номери 0661ТА болгон кызматтык авто унаанын эскилиги жеткендигинен көз карандысыз баалочу К.Товкеевдин отчотуна ылайык аталган авто унаа баштапкы баасы 25500 (жыйырма беш миң беш жүз) сомго тоорукка берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Токонов |