Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 18-сентябры № 3

Бакай-Ата өнүктүрүү фондусунан акча суроо жөнүндө

 Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички көчөлөрдө электр трасформатолорунун жоктугунан элди электр энергиясы менен толук камсыз кыла албай жаткандыгыбыздан электр подстанцияларын сатып алуу үчүн Бакай-Ата өнүктүрүү фондусунан акча суроо жагын талкуулап чыгып Кең-Арал айылдык кеңешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.     Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички көчөлөрдө электр подстанциялары жоктугунан элди электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Бакай-Ата өнүктүрүү фондусунан эки даана 250 киловаттык трансформатор алуу жана орнотуу үчүн 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.

 

2.     Токтомдун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүнүн башчысы Ч.Алымкуловго милдетендирилсин.

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Б.Токонов