ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышы
2023-жылдын 25-августу № 53
Ак-Суу районунда админстративдик-аймактык реформаны жүргүзүүнү колдоо жөнүндө
Теплоключенка айыл аймагынын 2023-жылдын 25-августундагы өткөрүлгөн жалпы элдик жыйынынын протоколуна ылайык айыл аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, материалдык жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, жергиликтүү калкка көрсөтүлүүчү муниципалдык, социалдык жана тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгы колдоого алынсын.
2. Ак-Суу районунда административдик-аймактык реформанын жүрүшүнүн жыйынтыгы менен Теплоключенка айыл аймагы менен Кереге-Таш айыл аймагы бириктирилип, Кыдыр Аке айыл аймагы деп атоого макулдук берилсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.И.Алмабеков |