ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын кезектеги 16-сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 54
Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгү курамында жумушчу топ бекитилсин:
- Алмабеков А.И. – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун жетекчиси;
- Амантурова Ж.А. – а/к жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы;
- Абдыкеримов С.Т. – а/к төрагасынын орун басары;
- Садырова Р.К. – а/ө башчысынын орун басары;
- Джумабаева Б.Р. – а/ө жооптуу катчысы;
- Жапарова М.Т. – башкы адис-юрист;
- Мамбетов Д.А. – аксакалдар сотунун төрагасы;
- Бекиев К.О. – ардагерлер кеңешинин төрагасы;
- Мамытова Б.Б. – аялдар кеңешинин төрайымы;
- Жанузаков Ч.Ж. – жаштар кеңешинин төагасы;
- Молдокеримова Р.Ж. – билим берүү тармагынын ардагери
2. Калктын санына жараша (10001ден 20000ге чейин) Теплоключенка айыл аймагынан 100 делегат шайлансын.
3. Теплоключенка айыл аймагынын 12 (он эки) кварталда жергиликтүү коомдоштуктун жыйналыштарын өткөрүү 2023-жылдын 16-октябрынан башталсын.
4. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйналыштарын өткөрүүдө жооптуу болуп төмөндөгү депутаттар бекитилсин:
№ | Депутаттын аты-жөңү
| Байланыш телефону | Бекитилген квартал |
1 | Имашев Т.И. | 0709 677067 | 1, 2, 8 |
2 | Асанов Э.Ө. | 0707 003600 | 1, 2, 8 |
3 | Шаймергенова К.О. | 0709 677067 | 1, 2, 8 |
4 | Мусралиева З.А. | 0707 082073 | 1, 2, 8 |
5 | Абышев Р.К. | 0502 103301 | 1, 2, 8 |
6 | Акунов Б.С. | 0705 398395 | 1, 2, 8 |
7 | Жанузаков Ч.Ж. | 0709 991333 | 3, 4, 5, 6 |
8 | Байтолоева К.У. | 0703 565287 | 3, 4, 5, 6 |
9 | Мадамбеков К.С. | 0705 295905 | 3, 4, 5, 6 |
10 | Аляева З.А. | 0709 380720 | 3, 4, 5, 6 |
11 | Сагынбекова С.С. | 0703 520112 | 7, 9, 12 |
12 | Сасыманов С.Ш. | 0704 323455 | 7, 9, 12 |
13 | Молдараков К.О. | 0702 888836 | 7, 9, 12 |
14 | Сатарова Н.Т. | 0777 734498 | 9, 10, 11 |
15 | Рысмендеева А.Н. | 0708 593344 | 9, 10, 11 |
16 | Керимов В.И. | 0700 999888 | 9, 10, 11 |
17 | Акчубаков О.Т. | 0705 591018 | 9, 10, 12 |
18 | Доконбаев У.И. | 0773 550345 | 9, 10, 11 |
19 | Усубакунов Т.М. | 0700 337515 | 9, 10, 11 |
5. Теплоключенка айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрь күнү өткөрүлсүн.
6. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | А.И.Алмабеков |