Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын кезектеги 16-сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 55
Теплоключенка айылына жана айыл аймагынын конуштарына, аянттарына, көчөлөрүнө, парктарына, эс алуучу жайларына, аллеяларына, муниципалдык мекеме/ишканаларга жаңы аталыштарды берүүнүн жана аталыштарын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекиген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону” жетекчиликке алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айылына жана айыл аймагынын конуштарына, аянттарына, көчөлөрүнө, парктарына, эс алуучу жайларына, аллеяларына, муниципалдык мекеме/ишканаларга жаңы аталыштарды берүүнүн жана аталыштарын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин, тиркелет
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.И.Алмабеков |