Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 59
Теплоключенка айыл аймагындагы муниципалдык жер тилкелерди жеке турак үйлөрдү куруу үчүн инвентаризация жүргүзүү менен жер тилкенин аянтын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодесинин 18-берененин 3-пунктуна, 115-берененин 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосунун 5-пунктуна ылайык айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл аймагында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерине инвентаризация жүргүзүлсүн.
2. Теплоключенка айыл аймагында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкенин аянты 0,10 га (1000 кв.м) деп бекитилсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн
Төрага | А.И.Алмабеков |