ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 61
Айыл аймакта мамлекеттик/муниципалдык заказдын программасын иштеп чыгууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги №70 “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамына ылайык “Зордук-зомбулуксуз келечек” долбоорунун алкагында айыл аймакта мамлекеттик/муниципалдык социалдык заказды ишке ашыруу максатында айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймакта мамлекеттик/муниципалдык заказдын программасын “Улукман дарыгер” коомдук бирикмеси менен иштеп чыгууга макулдук берилсин.
2. Мамлекеттик/муниципалдык заказдын программасын ишке ашыруу боюнча иш планын “Улукман дарыгер” коомдук бирикмеси менен биргеликте иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн
Төрага | А.И.Алмабеков |