Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын кезектеги 16-сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 60
Теплоключенка айыл аймагындагы жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн нарктык зоналарынын чектери өзгөргөндүгүнө байланыштуу зоналык коэффициентти Кз белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4-5-пункттарына ылайык жана айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн нарктык зоналарынын чектери өзгөргөндүгүнө байланыштуу зоналык коэффициент Кз төмөндөгүдөй белгиленсин:
Зона
| Нарк зонанын баяндалып жазылышы | Өлчөмү |
№1 зона Кыдыр Аке көчөсү толугу менен, Ленин көчөсү - Пионерский көчөсүнөн Спортивный көчөсүнө чейин Пушкин көчөсүнөн Пионерский көчөсүнө чейин узунунан жана туурасынан жайгашкан бардык көчөлөр (Кыргызстанга 50 жыл, Посмитный, Урманаев, Жаныбеков, Архитектурный, Чкалов, Октябрьский, Шапак баатыр, Дзержинский, Сыдыкбеков, Подгорный, Боронбай хан, Элебаев, Красноармейский, Восточный, Пушкин, Горький, Молодежный, Садовый. Пионерский) Эс алуучу жана ден соолукту чыңдоочу жайлар | Теплоключенка а/а жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн
| 2,0 |
№2 зона №1 зонадан сырткары жайгашкан жерлер жана кашарлар | 1,8 |
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.И.Алмабеков |