ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2023-жылдын 19-сентябры № 2
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу“Түндүк Сох” жана “Чоң-Кара-Галча” участкасындагы газ жана нефть продукцияларын өндүрүү үчүн техникалык долбоорун аткарууга макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С. Эркебаевдин 2023-жылдын 12-сентябрындагы сунушу жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызтранснефтегаз” 2023-жылдын 19-сентябь №03-14/53 каты менен таанышып чыгып, депутаттар арасында кеңири талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги IV сессиясы
Токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасына, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2022-жылдын 4-ноябрындагы берилген №7224 АЕ жана №7225 АЕ сандуу лицензияларынын негизиндеТөрт-Гүл айыл өкмөтүнүн “Түндүк Сох”, “Чоң-Кара-Галча” участкасындагы газ жана нефть продукцияларын өндүрүү үчүн он сважинага 0,36 га (10 сважина 0,36га) жалпы 3,6 га жер аянтын иштетүүгө макулдук берилсин
2. Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамына ылайык экологиялык коопсуздукту сактоо менен бирге жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктары эске алынсын.
3. Бөлүнгөн жер жергиликтүү тургундардын үлүшүнө жана башка жерлерине туура келген болсо, жекече келишим түзүүсү талап кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышы мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы С. Эркебаевге жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: | Н.Артыков |