Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2023-жылдын 19-сентябры № 3
Зар-Таш айылын таза суу менен камсыздоо үчүн даярдалып жаткан “Таза Суу” долбоорун сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн С.Эркебаевдин сунушу жана Жусупов Акматжандын демилгеси, депутаттар арасында кеңири талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IVсессиясы
Токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зар-Таш айылын таза суу менен камсыздоо үчүн “Таза Суу” долбоорун сметалык иш кагаздарын даярдоого кетуучу чыгымдар 2023-жылга каралган сметалык чыгымдан сарптоо айыл өкмөттүн башкы эсепчисине милдетендрилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: | Н.Артыков |