Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү жыйналышынын ( 5-шайланган) отуруму
2023-жылдын 15-августу № 4/2
“Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесинин 8-пунктуна ылайык,айылдын ардактуу атуул наамын ыйгаруу боюнча талкуулап Кеңеш айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ ;
1.Бердибаева Ашам эжекенин Кеңеш айыл аймагына кылган кызматтары жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон зор салымы эске алынып көзү өткөндөн кийин Кеңеш айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Бердибаева Ашамга ыйгарылсын:
2.Айылдык ардактуу атуулу” наамын салтанаттуу түрдө тапшырууну уюштуруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына жана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Д.Токторов |