Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз бешинчи жыйналышынын ( 5-шайланган) отуруму
2023-жылдын 2-октябры № 5/1
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районуну Кеңеш, Карагуз айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
2.Бириккен айыл аймак Карагуз айыл аймагы деп аталсын.
3.Бириккен Карагуз айыл аймагынын борбору Жаңы талаа айылында жайгашсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланышы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Токторов |