РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы (VI чакырылышы)
2023-жылдын 9-июну № 4
Раззаков шаары жана айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун типтүү эрежелерин, милдеттердин тизмеги жана нормасын бекитүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясы, Раззаков шаары жана айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун типтүү эрежелерин, милдеттердин тизмеги жана нормасын бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаары жана айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун типтүү эрежелерин, милдеттердин тизмеги жана нормасы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т. Сапаев |
Жергиликтүү маанидеги “тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызматтардын/иштердин, функциялардын, милдеттердин тизмеси
№ | Кызматтын/функциянын/милдеттин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу |
1. Кызматтар | ||
1.1. | Жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтеги катуу калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок кылуу | Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси, “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын жетекчиси |
1.2. | Курулуш таштандыларын чыгаруу | Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын жетекчиси |
2. Функциялар | ||
2.1. | Айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда катуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттерин пландаштыруу | Раззаков шаарынын мэриясынын инвестиция боюнча башкы адиси. Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси, Раззаков шаарынын мэриясынын юристи, Раззаков шаардык Кенешинин депутаты |
2.2. | Юридикалык жана жеке жактар үчүн ТККнын топтоо нормасын эсептөө | “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын башкы эсепчиси “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын жетекчиси, Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис |
2.3. | Катуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифти эсептөө | “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын жетекчиси, Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси, Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар кенешинин төрайымы, “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын башкы эсепчиси, Раззаков шаардык Кенешинин депутаты |
2.4. | ЖӨБдин аткаруу органынын жылдык иш планында катуу калдыктарды чогултууну жана ташып чыгарууну пландаштыруу | “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын жетекчиси, Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси, Раззаков шаардык Кенешинин депутаты |
2.5. | Таштанды жайда катуу таштандыларды жок кылуу боюнча иштерди пландаштыруу | Раззаков шаарынын мэриясынын инвестиция боюнча башкы адиси. “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын жетекчиси, Лейлек райондук санэпид бөлүмүнүн санитардык дарыгери, Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси. |
2.6. | ТККны ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын жеңилдетилген категорияларын аныктоо | “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш кананын жетекчиси Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Ысык-Көл орто мектебинин директору Раззаков шаардык Кенешинин депутаты, Раззаков шаарынын мэриясынын башкы эсепчиси. |
2.7. | ТККны алгачкы чогултуу жана сактоо боюнча контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү | Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси, Раззаков шаарынын мэриясынын юристи, Раззаков шаардык Кенешинин депутаты Лейлек райондук санэпид бөлүмүнүн санитардык дарыгери, Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы. |
2.8. | ТККны чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү | “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын жетекчиси, Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси, Раззаков шаарынын мэриясынын юристи, Раззаков шаардык Кенешинин депутаты, Лейлек райондук санэпид бөлүмүнүн санитардык дарыгери, |
2.9. | ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүнү тандоо/дайындоо | “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын жетекчиси, Лейлек райондук санэпид бөлүмүнүн санитардык дарыгери. Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис. |
2.10. | Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү | Раззаков шаарынын мэриясынын юристи, “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын жетекчиси, Лейлек райондук санэпид бөлүмүнүн санитардык дарыгери, Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар кенешинин төрайымы
|
3. Милдеттенмелер | ||
3.1. | ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды сатып алуу | “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын жетекчиси, Раззаков шаарынын мэриясынын инвестиция боюнча башкы адиси. |
3.2. | Жарандардын аярлуу топторуна субсидияларды төлөө | “Лейлек-Тазалык” муниципалдык иш канасынын жетекчиси, Курулуш комуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси, Раззаков шаарынын мэриясынын башкы эсепчиси. Раззаков шаардык Кенешинин депутаты
|
Раззаков шаарынын мэриясынын
Юристи; Е.Ж.Ахматов
Катуу таштанды калдыктарынын пайда болуу нормасы тууралуу маалымат.
Абоненттердин аталышы | КТКнын көлөмү | Изилдөө маалында бирдиктердин саны | КТКнын пайда болуу нормасы (бир бирдикке туура келген килограмм айына) |
Жашоочулар |
7 000 кг |
2 500 адам |
7000 кг/2500=2,8/7=0,4*30=12кг
|
Корутунду:1 адамга 1 айга КТКнын пайда болуу нормасы 12 кг.
Раззаков шаарынын мэриясынын курулуш,
коммуналдык суу чарба боюнча башкы адиси- Ш. Жумагулов
Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги
XXIII сессиясынын 2023-жылдын
09-июнундагы №4 токтомуна тиркеме
Раззаков шаары жана айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун типтүү эрежелери
§1. Жалпы жоболор
Шаар жана айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун ушул типтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын «Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү» кодексинин, «Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндөгү” КР Президентинин Указы жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
Раззаков шаарынын мэриясы ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
Раззаков шаарынын мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.
§2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент - тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү - калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;
Катуу калдыктарды чыгаруу - атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;
Газон – жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;
Бекитилген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусундагы имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;
Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;
Ири көлөмдүү таштандылар – керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);
Контейнер аянтчасы - өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу калдыктарды чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;
Таштанды - ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;
Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар – чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу калдыктарды, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо.
Парк - эс алууга жана көнүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;
Катуу калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат көрсөтүүчү) – катуу калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.
Курчап турган айланадагы аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;
Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;
Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) – кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;
Аймакты санитардык жактан тазалоо – аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу;
Көчөдөгү таштандылар – жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардан турат.
Тиричиликтеги катуу калдыктар (мындан ары - ТКК) – адамдар күнүмдүк турмуш тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.
§3. Турмуш тиричиликтеги калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу
Айыл аймакка караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) Раззаков шаарынын мэриясы ТКК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен ТКК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү жана Раззаков шаарынын жашоочулары жана өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар абонент катары эсептелинет.
Жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КР Жарандык Кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук сунуштардын/офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
Пайдаланууга берилген имарат же кызмат көрсөтүүчү түйүндөр таштандылар боюнча келишим менчик ээси менен түзүлөт.
Шаардын, айыл аймагынын жерлеринде ТККны төмөнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет:
Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетүүчү калдыктар;
Мөмө жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар;
Калдыктар, сөөк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар.
Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө бөлүштүрүп иргейт. (1 мүшөк 25 килограммдан ашпоого тийиш)
Печкалардан жана мештерден чыгарылган күлдөр жана чоктор өрт чыгуунун алдын алуу максатында абоненттердин үйүндө 1 күн сакталып, таштанды таштоочу жайларга алып чыгууга милдеттүү.
Тургундар кварталдын/айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
Кызмат көрсөтүүчү өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша тургундарды кайра иштетүүчү калдыктарды сорттоп салуу үчүн мүшөктөр менен камсыздайт.
Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды иргөө/сорттоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат көрсөтүүчү андай кардар үчүн тарифтик бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.
Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар калдыктарды контейнерлерге чогултат.
Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш.
Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.
Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары - кызмат көрсөтүүчүгө;
ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча – ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот;
Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында оңдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.
Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер Раззаков шаарынын мэриясы, айыл башчылары, кварталдык комитеттер жана катуу таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, жөө басуучу жолдорго, тамактануучу жайларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу тиричиликте колдонулган катуу калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ишке ашырылат.
Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр Раззаков шаардык Кенеши бекиткен тарифке ылайык алынат.
Юридикалык жана жеке жактар катуу калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү Раззаков шаарынын мэриясынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.
27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндөгү Кодексин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү жана жакшыртуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жаза чаралары бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоопкерчиликти тартат.
Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) оңдоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык буюртма боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.
Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды челектер (мусорный урна) орнотуу зарыл.
Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабаттуу турак жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
Коңшу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектери жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
Таштанды челектерди тазалоо иштери катуу калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.
Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерин объекттердин ээлери жана ижарачылары жууйт.
Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо Раззаков шаарынын мэриясы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик Раззаков шаарынын мэриясына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
§4. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу
Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында - карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында - жолдун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо Раззаков шаарынын мэриясы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
узундугу боюнча - имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча;
туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта – жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой;
Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.
Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылат.
Кызмат көрсөтүүчү турмуш-тиричилик таштандыларды сонитардык нормадагы мөөнөттөр боюнча таштандыларды алып кетет.
Раззаков шаарынын мэриясы көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, күркөлөр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.
Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.
Көп кабаттуу үйлөрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.
§5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөттөрүнүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
Шаар мэриясынын аймагында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.
§6. Жашылдандыруу.
Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
бак-дарактарды отургузуу,
бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер – жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү; куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен дарылоо;
скверлерди жана бакчаларды тосуу;
шаар, айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
Жалпы пайдалануудагы аймактарда - парктарда, скверлерде, сейил бактарда, көчөлөрдө – Раззаков шаарынын мэриясы аныктаган тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги участоктордо - үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;
Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртең менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00дөн кийин жүргүзүлөт.
Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат.
Таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
Шаар/айыл аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.
Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет; жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:
иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;
жашыл зоналарды өз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыз кылуу;
жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;
жайында жана кургакчылыкта газондорду, гүлзарларды, бак-дарактарды жана бадалдарды сугаруу;
газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;
жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;
багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгөн бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат;
Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:
жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө;
бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды уюштурууга;
калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;
жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө чогултуу, компост салуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);
от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;
дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;
белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;
газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт каражаттарын өткөрүү жана токтотууга;
гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер Раззаков шаарынын мэриясы же ал ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
§7. Тышкы жарыктандыруу
Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.
Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 токтомунда бекитилген электр энергиясын пайдалануу менен жөнгө салынат.
Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
Раззаков шаарынын мэриясы коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.
Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу Раззаков шаарынын мэриясы менен макулдашылат.
§8. Аймакты жакшыртуу маселелерин талкуулоого жана чечүүгө жергиликтүү калктын катышуусу
81. Жергиликтүү калк талкууланып жаткан маселе боюнча өз ойлорун айтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен, суроолоруна жооп ала алышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын ишине, көрсөтүлүп жаткан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу деңгээли жөнүндө калктын пикирин билүүгө, зарыл болгон учурда калктын пикирин эске алуу менен өз иш-аракеттин оңдоого укуктуу.
82. Раззаков шаарынын мэриясы бул максатка жетүү үчүн жер-жерлерде жергиликтүү калк үчүн жеткиликтүү болгон байланыш каналдары: мессенджерлер (Whatsapp, Telegram), чогулуштар жана коомдук угуулар аркылуу, жакшыртууга багытталган маселелерди талкуулоо үчүн шарттарды түзөт. Бул иш-чаралар кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифинин наркына, кызмат көрсөтүү келишимдеринин долбоорлоруна, кызматтарды көрсөтүүнүн эрежелерине жана жол-жоболоруна жана башкаларга тиешелүү болушу мүмкүн.
83. Коомдук талкуулардын жыйынтыктары жана көрүлгөн/аткарылган чаралар жөнүндө жергиликтүү калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук жайлардагы маалымат тактайчаларында, жеткиликтүү социалдык тармактарда (Facebook, Instagram) жана ЖӨБ органынын веб-сайттарында маалыматтарды жарыялашат
§9. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
84. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
85. Бул Көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114- беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
Саркынды сууларды сайларга, дарыяларга жана жалпы пайдалануучу жайларга агызуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 118-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
Юридикалык жана жеке жактар көп батирлүү турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу Раззаков шаарынын мэриясынын атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын Кодексине ылайык жаза чараларын көрөт.
Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
Раззаков шаарынын мэриясынын
юристи: Е.Ж.Ахматов