РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы (VI чакырылышы)
2023-жылдын 9-июну № 6
Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы №4 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы №4 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык Кеңешинин “Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо)” макулдук берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 27-январындагы кезектеги XХ сессиясынын №4 токтомунун 2 пунктунда көрсөтүлгөн Ак Булак айылындагы 820- контурундагы 1,5 га жайыт жер 837-контурундагы 11,0 га жайыт жер 880-контурундагы 1,60га жайыт жер, 880-контурундагы 3,0 га, 869-контурунан 3,3га жайыт жер, жалпысы 20,4 га жер тилкелери деген создор томонкудой болуп озгортулсун:
Ак Булак айылынан 820-контурунан 18,60 га жайыт жеринен, 820-контурунан 4,5 га айыл чарба фондунун жеринен, 819-контурунан 6,5га жайыт жеринен, 4-контурнан 10,40га гос.зем.запастын жеринен, жалпы 40,0га болуп өзгөртүлсүн.
Жалпысы болуп мурдагы 829,84 га жер тилкеси 849,44 га болуп өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т. Сапаев |