Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 17 сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 17/4
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерине чыккан жылкыларга, уйларга жана кой -эчкилерге 2023-жылга карата жайыт баасын белгилөө жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагыдагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Молачаев Мураттын маселеси боюнча угуп, кеңири талкуулап чыгып, Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерине чыккан жылкыларга, уйларга жана кой -эчкилерге 2023-жылга карата жайыт баасы. Жылкы жана уйларга 150(жүз элүү )сом. Кой- эчкилерге ар бир башына 30(отуз )сомдон бекитилсин.
2. Башка айыл өкмөттөрдөн келген уйларга жана жылкыларга ар башына 500(беш жуз)сомдон ал эми кой- эчкилерге 60(алтымыш ) сомдон жайыт акысы алынсын.
3. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы жайыт комитетинин төргасы Молачаев Муратка милдеттендирилсин..
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана айыл чарба тейлөө маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңештин төрагасы: |
Машрапов К.П |