Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 18 сессиясы
2023-жылдын 14-марты № 19/1
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын №01-15/314-б сандуу буйругун аткарууга алуу жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1.Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын №01-15/314-б сандуу буйругу жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2.Кыргыз-Кыштак айыл аймагында Улуттук тазалык күнү белгиленсин жана жыл сайын сентябрдын жана апрелдин үчүнчү ишенбисинде өткөрүлсүн.
3.Кыргыз-Кыштак айыл аймагында мекеме иш –каналдын башчыларына коомдук уюмдун башчыларына иш-чаралар иштелип чыгылсын.
4.Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тирикчилик калдыктардын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракаттер планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрь ПЖ№305 жарлыгын 5пунктунун негизинде инвестиция тартуу жолу менен каттуу тирикчилик таштандыларды кайра иштетүү жана утилдештирүү багытында долбоорлор иштелип чыгып инвесторлорду тартуу боюнча иш-чаралары колго алынып уюштурууну кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн инвестиция бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын №01-15/314-б сандуу буйругу жетекчиликке жана аткарууга алуу боюнча 2023-2025-жылдарга иш-пландары иштеп чыгууну Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңештин төрагасы: |
Машрапов К.П |