Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 24
Айыл аймактын жана айылдын атын өзгөртүү жөнүндө
Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айыл аймагынын жана Покровка айылынын атын өзгөртүү боюнча Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевдин сунушун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айыл аймагынын жана Покровка айылынын атын өзгөртүү боюнча Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевдин сунушу канааттандырылсын.
2. Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу ЖОБОго ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №467 токтомунун 7-пунктунун негизинде Покровка айыл аймагы жана Покровка айылынын аты Семетей деп өзгөртүлсүн.
3. Айыл аймактын жана айылдын атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларды алып баруу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Т.У .Джапаркулов |