Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз бешинчи жыйналышынын ( 5-шайланган) отуруму
2023-жылдын 2-октябры № 5/6
“Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесинин 8-пунктуна ылайык,айылдын ардактуу атуул наамын ыйгаруу боюнча талкуулап Кеңеш айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Маматалиев Байзак Нурланбекович Кеңеш айыл аймагына кылган кызматтары жана жалпы Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жакыр колдоого муктаж жарандарыбызга материалдык ар кандай жардамдарды берип, кошкон зор салымы эске алынып Кеңеш айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Маматалиев Байзак Нурланбекович ыйгарылсын:
2. “Айылдын ардактуу атуулу” наамын салтанаттуу түрдө тапшырууну уюштуруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына жана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Д.Токторов |