Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 3
Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2023-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган Покровка айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы сунуш кылынган бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2023-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысыК.Жунусбаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун (жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтын бекитүү ошондой эле бюджеттин аткарылышы жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы жөнүндө малыматты угуу) жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ кылат:
1. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышы: киреше бөлүгү-атайын каражат менен кошулганда 33025,0миң сомго анын ичинде атайын каражат (ата-энелер толөмү),2506,4миң сом жана чыгаша бөлүгү 27260,5мин сом, атайын каражат 2709,1мин сом жалпысы болуп 29969,6миң сом (тиркеме тиркелет).
2. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин кирешелер боюнча 35300,0миң сом жана чыгашалар боюнча 35300,0миң сом өлчөмүндө бекитилет. Анын ичинен теңдөөчү гранд жок, жайыт жерлеринин түшүүчү каражат-2022-жылы 356,4миң сом болсо, 2023-жылы малдын башы көбөйгөндүгүнө байланыштуу 40,4миң сомго көп, кой ичкилерди кралинге чөмүлдүрүү кызматынан 50,0миң сом, жайыттагы техниканы иштетүү кызматынан 50,0мин сом жыйналуу пландалууда. Жалпысы болуп 356,4миң сом +140,4миң сом=496,8миң сомду түздү. Атайын каражат 2022жылы 270бала 2622,0миң сом болсо, 2023 жылы-295 бала (ата-энелер төлөмү, МРМА тескеме №169 12.09.2022жылы 12 тайпа -295бала) ашыкча 121,0миң сом түшүп, жалпы төлөмү-2743,0миң сом болду. Кайра бөлүштүрүү фондусунан жеринен “ФПЗ” 2022жылдын аягында аукцион болуп, фонддун жеринин ижара акысы 2022 жылы 772,0миң сом болсо, аукциондон кийин ижара акысы 486,6миң сомго көбөйүп 2023жылга 1258,6мин сомду түздү. Конторлдук цифра 34552,0миң сомго келген болсо, 2023-жылга кошумча киреше 748,0мин сомду түзгөн. Жалпысы кошулганда 35300,0миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан мекеме-уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарынын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү, көзөмөлдөо жагын Покровка айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жунусбаевге, разделден разделге жылдыруу айылдык кеңештин макулдугу менен уруксат берилсин.
4. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн (айлык акы, социалдык фонд, тмак-аш жана коммуналдык чыгымдар электро-энергия, көмүр).
5. Айыл өкмөтүнө керек болгон учурларда резевдик фонддон жана ар кандай чыгымдар статьясынан, разделине жараша накталай акча каражатын алууга мыйзам чегинде уруксат берилсин (Афган окуясынын катышуучуларына, Чернобль, Баткен апаатынын катышуучуларына, 8-март аялдардын эл аралык майрамына, баатыр энелерге, Нооруз майрамына, 7-апрель революция күнүнө, 1-май, 9-май жеңиш күнүнө, Энелер күнүнө, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө, Эгемендүүлүк күнүнө, майыптарга жана социалдык муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү, айыл аймагындагы өтүлүүчү ар кандай спорт оюндарына, жакыр жана аз камсыз үй-бүлөлөргө ж.б.ларга).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге, аткаруу жагын каржы -экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жунусбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.У .Джапаркулов |