ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 6
Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.09.2022-жыл №305 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө 305-Жарлыгынын 5-пунктун аткаруу алкагында иш алып баруу үчүн айыл аймакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежесин бекитүү максатында Покровка айылдык кеңеш
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө 305-Жарлыгынын 5-пунктун аткаруу максатында айыл аймактын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежеси бекитилсин.
2. Токтомду аткарууну камсыздоо жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кенешинин /XXVI чакырылышынын/ мыйзам комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.У .Джапаркулов |