Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 15
Мидин Торобековдун ысымын жаңы көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Бала-Саруу айылынын айыл башчысы Т.Маматаевдин Бала-Саруу айылынын Манас көчөсүнүн 6-03-04-1002-0115 коду менен катталган турак-жайдын чыгыш тарабындагы көчөгө узундугу 600 метр түштүктү карай, түндүктү карай 200 метрди камтыган карьерге кетүүчү көчөгө М.Торобековдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун Покровка айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Бала-Саруу айылынын айыл башчысы Т.Маматаевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бала-Саруу айылынын Манас көчөсүнүн 6-03-04-1002-0115 коду менен катталган турак-жайдын чыгыш тарабындагы көчөгө узундугу 600 метр түштүктү карай, түндүктү карай 200 метрди камтыган карьерге кетүүчү көчөгө М.Торобековдун ысымы коюлуп, жаңы көчө “Мидин-Ата” деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У .Джапаркулов |