Редакцияот 19.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы

2023-жылдын 19-майы № 16

Мураталиев Баурдун ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө

 

Покровка айылынын тургундарынын Покровка айылынын автобекетинин артындагы 6-03-04-1001-0364 коду менен катталган турак-жайдын чыгыш тарабындагы түндүктү карай узундугу болжолдуу 500 метр көчөгө Б.Мураталиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап 

 

токтом кылат:

1. Покровка айылынын тургундарынын кайрылуусу канааттардырылсын.

2. Покровка айылынын автобекетинин артындагы 6-03-04-1001-0364 коду менен катталган турак-жайдын чыгыш тарабындагы түндүктү карай узундугу болжолдуу 500 метр көчөгө Мураталиев Баурдун ысымы ыйгарылып, “Баур Ата” деп аталсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

Т.У .Джапаркулов