Сравнение редакций…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVI сессиясы
2023-жылдын 19-июлу №193/26-8
Талас шаарынын Алымкулов 111/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 51282м2 жер участогун К-2 (коргоо жана транспорт, өнөр жай, байланыш жана башка багыттагы жерлер) категориясынан Ж-4 (калктуу конуштардын жерлери) категориясына которууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаарынын 17.07. 2023-жылдагы №01-19/1858 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Алымкулов 111/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 51282м2 жер участогун К-2 (коргоо жана транспорт, өнөр жай, байланыш жана башка багыттагы жерлер) категориясынан Ж-4 (калктуу конуштардын жерлери) категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Кушубеков) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVI сессиясы
2023-жылдын 19-июлу №193/26-8
Талас шаарынын Алымкулов 111/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 51282м2 жер участогун К-2 (коргоо жана транспорт, өнөр жай, байланыш жана башка багыттагы жерлер) категориясынан Ж-4 (калктуу конуштардын жерлери) категориясына которууга макулдук жөнүндө
(Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 206/28-8 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаарынын 17.07. 2023-жылдагы №01-19/1858 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. -Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануу укугундагы, Талас шаарынын Алымкулов көчөсү 111/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 5,1282 га жер участогун мамлекеттин менчигинен муниципалдык менчикке “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) жана социалдык мектеп, бала бакча жана көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында макулдук берилсин.