Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин
2023-жылдын 5-октябрь № 96
токтомуна 2-тиркеме
Жер участогун ижаралоонун
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары 20__-жылдын “__” _______
Бир тараптан мындан ары “Ижарага берүүчү” деп аталуучу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин атынан ________________________________________________ жана экинчи тараптан мындан ары “Ижарачы” деп аталуучу ___________________ _______________________________________________________________атынан (жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) ______________________________________________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) бирге “Тараптар” деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга Бишкек шаары ___________________ дареги боюнча жайгашкан ушул Келишимге тиркелген жер участогунун схемасында көрсөтүлгөн чектерде аянты ______ чарчы метр жер участогун ____ жылдык мөөнөткө ижаралык пайдаланууга 20__-жылдын “__” _____________ Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участогун ижарага берүү келишимин түзүү укугунда комиссиянын чечимине ылайык ___________________________________________________________ (муниципалдык менчикке мүлктү кайтаруу шарты менен (шарты жок) жер участогун пайдалануунун максаттуу дайындалышы көрсөтүлөт) ____________________________________________________________ үчүн берет.
|
2. Ижара төлөмү
2.1. Ижара төлөмдөрү жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук ырастоочу документи алынган күндөн тартып эсептелет.
2.2. Жылдык ижара төлөмүн төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн алыш-бериш эсебине киргизүү жолу менен бирдей үлүштө кийинки отчёттук кварталдан кийинки айдын 1-числосуна чейин квартал сайын жүргүзүлөт.
2.3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, Ижарачы ижара төлөмүнөн тышкары жер салыгын төлөйт.
2.4. Ижара төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн эсеби Бишкек шаардык кеңешинин тийиштүү токтому менен бекитилген ошол учурдагы колдонуудагы эсептерге ылайык аныкталат.
2.5. Ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
(олуттуу шарттар болуп саналат)
3.1. Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:
3.1.1. Ушул Келишимде аныкталган максаттарга жана шарттарга ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүү;
3.1.2. Муниципалдык менчикке мүлктү кайтарып берүү шарттары жок берилген жер участогунда Ижарачы тарабынан тургузулган имараттар, курулмалар, көрктөндүрүү элементтери анын менчиги болуп саналат.
3.1.3. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарууда жана мүлктү муниципалдык менчикке кайтарып берүү шарты жок берилген жер участогуна келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөндө ушул Ижара келишиминин колдонуу мөөнөтүн белгиленген тартипте жаңы мөөнөткө узартууга укуктуу.
3.1.4. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.5. Ижарачыга жер участокту түзүү менен байланышкан чыгымдарды эсептөөлөргө ылайык төлөөгө.
3.1.6. Ижарага алынган жер участокту максаттуу дайындалышына ылайык аны өзгөртүү укугусуз натыйжалуу пайдаланууга.
3.1.7. Пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ушул Келишим түзүлгөн учурга чейин жер участогун иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү төлөөнү Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүүгө.
3.1.8. Укук ырастоочу документ таризделгенден кийин 3 жумуш күндүн ичинде шаардын курулушу боюнча кезметтик планын киргизүү үчүн “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасында каттоодон өтүүгө.
3.1.9. Жер участогуна укук ырастоочу документ таризделгенден кийин бир айдын ичинде “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасына архитектуралык-пландоо шартын (АПШ) тапшырыктоого.
3.1.10. Бул аймакты куруунун долбоорун иштеп чыгууга жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы менен келишим түзүлгөн күндөн тартып, алты айдын ичинде белгиленген тартипте макулдашууга. Долбоорду бекитүүгө, объектти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында объектти каттоого жана мамлекеттик экспертизадан өтүүгө, объектти белгиленген тартипте курууга киришүүгө.
3.1.11. Жер участогун өздөштүрүүнү, ижара келишимин түзгөн учурдан тартып үч жылдын ичинде объекттин курулушун аяктоого жана объектти эксплуатацияга берүүгө.
3.1.12. Берилген жер участогунда жана ага жанаша жайгашкан аймакта жайгашкан инженердик тармактарды техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн эркин жетүүнү камсыздоого.
3.1.13. Көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну (көк майсандарды, гүлзарларды уюштуруу), ирригациялоону аткарууга (арыктарды калыбына келтирүү), өтүү жолдорун асфальттоону жана “төшөлмө таш” тибиндеги плиталар менен тротуарларды төшөөгө, сутканын түнкү убагында тышкы жарыктандырууну (шам чырактарды орнотуу) камсыздоого.
3.1.14. Аймакты тазалоону, таштандыларды ташып чыгарууну камсыздоого, көрктөндүрүү элементтерин талаптагыдай техникалык, санитардык жана эстетикалык абалда күтүүгө.
3.1.15. “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен таштандыларды жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга карата келишим түзүүгө.
3.1.16. Өз эсебинен төмөнкүлөр жүзөгө ашырылсын:
жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты зарыл болгон учурда короо аймагын санитардык тазалоо;
жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды тазалоо жана калыбына келтирүү.
3.1.17. Төмөнкүлөргө жол берилбесин:
жанаша жаткан аймакта жайгашкан бак-дарактарга зыян келтирүүгө, кыюуга же жок кылууга;
жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жайгашкан аймактарда экологиялык абалдын начарлашына;
ижарага алынган жер участогунда баш-аламан көчө соодасына жана жанаша жайгашкан аймактарда чарбалык иш-аракеттерге.
3.1.18. Накта чек аралар белгилегенден кийин жер участокту пайдаланууга киришүүгө жана мөөнөттүү (убактылуу) жер пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документтерди белгиленген тартипте алууга.
3.1.19. Жер участокту пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде имараттарды жана курулмаларды, инженердик тармактарды курууга, макулдашылган долбоорго ылайык, эгерде бул жер участокту берүүнүн зарыл шарты болуп эсептелсе, берилген жер участокту жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө.
3.1.20. Ушул Келишим тарабынан белгиленген курулуштун мөөнөтү бузулган учурда, Ижарага берүүчүгө курулуштун ченемдик мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ижаралык төлөмдүн толук наркын төлөп берүүгө.
3.1.21. Өз эсебинен ижарага алынган участокту таштанды таштоодон, сууга батыруудан, сазга айлантуудан, булгоодон коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды тартууга.
3.1.22. Башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого.
3.1.23. Өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык токтоп калуусуна байланыштуу Ижарага берүүчүгө жана байланышы бар жер пайдалануучуларга колдон чыгарылган пайданы кошуу менен, толук көлөмдө ордун толтурууга.
3.1.24. Берилген жер участогунда жерлерди пайдаланууну жана коргоону, объекттерди курууну жана эксплуатациялоону контролдоону жүзөгө ашыруучу тийиштүү мамлекеттик органдардын берилген жер участогуна эркин жетүүсүн белгиленген тартипте камсыздоого.
3.1.25. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө. Ижара төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,1 пайыз өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25 пайызынан ашпаган туум эсептелет. Айып пулду жана туумду төлөгөндүгү Ижарачыны жер участокту ижаралоо үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотпойт.
3.1.26. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн ижаралык төлөмдү, ошондой эле туумду жана айып пулду белгиленген тартипте тариздеген төлөм документи түрүндө тастыктоого, анын көчүрмөсү Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине берилет.
3.1.27. Жер салыгын өз убагында төлөп турууга. Жер салыгын төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3.1.28. Мүлктү муниципалдык менчикке кайтаруу шарты менен Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин курулган жана тургузулган имарат жана курулма менен жер участогун Ижарага берүүчүгө кайтарып берүүгө.
3.1.29.Ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) ай калганда Ижарага берүүчүгө жаңы мөөнөткө келишим түзүү ниети же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө.
3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө укугу жок:
3.2.1. Ушул Келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө.
3.2.2. Ижарага алынган жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1.1. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашырууга.
4.1.2. Келишимди төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте бузууга:
а) жер максаттуу эмес дайындалышы боюнча пайдаланылганда;
б) жер участогун кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген ыкмалар менен пайдаланууда;
в) келишимде белгиленген мөөнөттөрдө ижаралык төлөм төлөнбөгөндө;
г) белгиленген мөөнөттөрдө жер участогу өздөштүрүлбөгөн учурда;
д) ушул Келишимдин шарттары аткарылбаганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулганда.
4.1.3. Ижарачынын чарбалык иш-аракетинин жыйынтыгында жердин сапатынын жана экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга.
4.1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилген учурда Ижарачы менен макулдашуу боюнча Келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө.
4.1.5. Жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзамдар, ошондой эле ушул Келишимдин шарттары бузулганда Ижарачы тарабынан жүргүзүлүүчү ишти токтотууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ижарачыга жер участогун ушул Келишимдин шарттарына ылайык абалда берүүгө.
4.2.2. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттерине кийлигишпөөгө, жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук көрсөтпөөгө, эгерде алар мыйзамга жана ушул Келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе.
4.2.3. Ижаралык пайдаланууга берилген жер участогунун абалына контролду жүзөгө ашырууга.
4.3. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укугу жок:
4.3.1. Ушул Келишимде көрсөтүлгөн жер участогун же анын бир бөлүгүн пайдалануу укугун Келишимде белгиленген тартипте жокко чыгарбастан үчүнчү жакка берүүгө.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Ушул Келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө чейин 30 күн мурда жазуу жүзүндөгү эскертүү боюнча бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
5.2. Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
6.1. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттери процессинде келип чыккан бардык талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечишет.
6.2. Макулдашууга жетишилбеген учурда, талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
7. Башка шарттар
7.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогунан бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы ордун толтурууга жатпайт.
7.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен Ижарачы каалаган убакта, ал тараптан ушул Келишимдин шарттары бузулбаган учурда, Ижарага берүүчүгө 3 ай мурда жазуу түрүндө эскертүү менен ушул Келишимди буза алат.
7.3. Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары өзгөртүлгөн учурда, ушул Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор бир тараптуу тартипте Ижарага берүүчү тарабынан киргизилиши мүмкүн.
7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда калат жана үчүнчүсү - Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгына каттоого берилет.
8. Өзгөчө шарттар
8.1. Бишкек шаарында жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү: ______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________
| |
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери
| |
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ: ___________________________________ ___________________________________ (кол тамгасы) Мөөр оорду | ИЖАРАЧЫ: ___________________________________ ___________________________________ (кол тамгасы) Мөөр оорду |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |