Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 5-октябры №197/28-8
Талас шаарынын социалдык -экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүү планынын 2023-жылдын 6 айында аткарган иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, 48-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаарынын мэриясынын Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2023-жылдын 6 айына карата аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө отчетун угуп, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын социалдык -экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүү планынын 2023-жылдын 6 айында аткарган жалпы иш аракеттери жөнүндө отчету “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |