Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 5-октябры №203/28-8

Талас шаарында калктын саламаттыгын санитардык эпидемиологиялык жактан тейлөө кызматынын жана Талас райондук ветеринардык башкармалыгынын Талас шаарында жүргүзгөн антисанитардык багыттагы иш аракеттери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планынын негизинде, Талас район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 05.09.2023-жылдагы жана Талас райондук ветеринардык башкармалыгынын 17.08.2023-жылдагы №01-6/303 чыгыш сандуу маалыматтары, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” жана “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссияларынын протоколдук сунуштарын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Талас шаарында калктын саламаттыгын санитардык эпидемиологиялык жактан тейлөө кызматынын жана Талас райондук ветеринардык башкармалыгынын Талас шаарында жүргүзгөн антисанитардык багыттагы жалпы иш аракеттери “канаттандыраарлык” деп табылсын.

2.  Талас райондук, шаардык билим берүү мекемеси бала бакчаларга жана мектептерге мал чарба азыктарын сатып алууда ветеринардык-санитардык көзөмөлдүк кылуу үчүн тендердик комиссиянын курамына Талас райондук ветеринардык башкармалыгынын кызмат өкүлдөрүн кошууну камсыз кылсын.

3.  Талас шаарынын мал жандыктарын тейлөө үчүн Талас шаарынын калкынын санына жараша мамлекеттен каралган ветеринардык адистердин жетишсиздиги, алардын иш бөлмөсү, ветеринардык жабдыктары жана кызматтык унаа каражаттары менен камсыздоо, борбордук азык түлүк базарында жайгашкан ветеринардык–санитардык көзөмөлдүк лабораториясын талапка ылайык келтирүү, мал союучу жайларды ветеринардык-санитардык талапка туура келтирүү жана атайын ветеринардык врачтар менен камсыздоо, Талас шаарында тамак-аш коопсуздугун алдын алуу багытында мыйзамсыз иштеп жаткан чакан өндүрүштүк обьектилердин санын тактоо боюнча Талас шарынын мэриясына Талас райондук ветеринардык башкармалыгынын тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

4.  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматына Талас шаарынын калкынын санына жараша мамлекеттен ветеринардык адистерди көбөйтүү үчүн кошумча штаттарды ачуу жана алардын иш бөлмөсү, ветеринардык жабдыктары жана кызматтык унаа каражаттары менен камсыздоо сунушу жөнүндө расмий кат жөнөтүлсүн.

5.  Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

6.  Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” жана “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу  комиссияларынын   төрагаларына (А.Кушубеков, Т.Жумабеков) тапшырылсын.

 

Төрага

К.Джаныбеков