ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 5-октябры №208/28-8
“Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №234/35-7 токтому менен бекитилген “Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобосунун негизинде, Талас шаарынын мэриясынын 07.06.2023-жылдын №01-19/1390, 23.08.2023-жылдагы №01-19/2213 чыгыш сандуу каттарынын негизинде Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К ЫЛАТ:
1. Талас район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Айдаров Джакыпбек Алишеровичке жана Талас шаарынын эмгек ардагери У.Дмитрий Юй Линовичке “Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |