Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 6-октябры №209/28-8
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы №9/3-8 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 5-пункту, Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 9-бөлүмүнүн 9.11-пунктчасы жана Талас шаардык кеңешинин “Ыйман-Нуру” фракциясынын сунушунун негизинде, “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К ЫЛАТ:
1. Курамы 7 депутаттан турган “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын сапаттык курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:
1. Кушубеков Анарбек Канатович- комиссиянын төрагасы, “Аманат” фракциясынан
2. Байышов Бакыт Сулумбекович -“Асыл Мурас Жаштар” фракциясынан
3. Турдалиев Нурболот Адылович -“Аманат” фракциясынан
4. Орозалиев Акылбек Дюшенбекович -“Асыл Мурас Жаштар” фракциясынан
5. Авазбеков Бархатбек Төлөгөнович -“Кыргызстан” фракциясынан
6. Джуманов Алибий Мүзүрөтбекович -“Республика” фракциясынан
7. Тойчубеков Жыргалбек Сабатарович -“Ыйман Нуру” фракциясынан
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |