Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 5-октябры №210/28-8

Жергиликтүү коомдоштуктардын Элдик курултайын чакыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61-беренеси, Кыргыз Республикасынын “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 Жарлыгы жана “Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу комитети жөнүндө” убактылуу жобонун негизинде, Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Талас шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрында ишемби күнү Талас шаардык А.Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин чоң залында саат 10.00до өткөрүлсүн.

2.  Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.  Жергиликтүү курултайдын делегаттарын көрсөтүү нормасы шаардын жашоочуларынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.  Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарынын графиги 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.  Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

6.  Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Джаныбеков

 

Тиркеме –1

 

 

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:

 

1.   К.Джаныбеков- жумушчу топтун төрагасы

2.   А.Сариева – жумушчу топтун катчысы

3.   Н.Сатыбеков - “Аманат” фракциясынан депутат, жумушчу топтун мүчөсү

4.   Б.Байышов - “Асыл Мурас” фракциясынан депутат, жумушчу топтун мүчөсү

5.   Ж.Тойчубеков - “Ыйман Нуру” фракциясынан депутат, жумушчу топтун мүчөсү

6.   А.Джусупбеков - “Республика” фракциясынан депутат, жумушчу топтун мүчөсү

7.   А.Суйунтбеков – “Кыргызстан” фракциясынан депутат, жумушчу топтун мүчөсү

8.   Т.Үметалиев- Талас шаардык Аксакалдар кенешинин төрагасы, жумушчу топтун мүчөсү

9.   О.Маймурунов- АКӨАБсу, жумушчу топтун мүчөсү

10.  Г.Избасарова – “Элназ” коомдук уюму, жумушчу топтун мүчөсү

11.  А.Дыйканбаева-Талас шаарынын мэриясынын башкы адиси, жумушчу топтун мүчөсү

12.  Н.Бектенов-демилгечи топтун өкүлү, жумушчу топтун мүчөсү

13.  Ж.Айдаров-демилгечи топтун өкүлү, жумушчу топтун мүчөсү

 

Жооптуу катчы

А.Сариева

 

Тиркеме–2

 

 

Жергиликтүү курултайдын делегаттарын көрсөтүүнүн нормасы

 

Калктын саны

Сунушталган ченем

2000 ге чейин

20

2001-5000

40

5001-10000

50

10001-20000

100

20001-30000

150

30001 жана андан жогору

200

Ош шаары

300

Бишкек шаары

500

 

Жооптуу катчы

А.Сариева

 

Тиркеме–3

 

Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча 16-26-октябрга чейин өткөрүлүүчү

жергиликтүү жамааттын чогулуштары жана жыйындарынын графиги

 

№

Делегаттарды шайлоо боюнча аймактык бөлүк

Жыйынды өткөрүү орду

Күнү

Убактысы

Делегаттардын саны

Жооптуу депутат

1

№6105 жана № 6106 шайлоо участкаларынын аймагы:

 

Алымбеков жана Бердике Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши

 

16.10.2023

17:00

 

 

 

40

А.Курамаев

 

А.Орозалиев

Б.Байышов

Ж.Малдыбаев

Р.Байгараев

П.Турсуканова

2

№6107, №6108 жана №6109 шайлоо участкаларынын аймагы

59-квартал

17.10.2023

17 :00

 

 

 

 

40

 

К.Карагулова

 

А.Жусупбеков

Н.Тургунбеков

Т.Жумабеков

А.Джуманов

Р.Токтогулова

Н.Сатыбеков

А.Рыскулбекова

А.Суйунтбеков

К.Карагулова

Ж.Тойчубеков

 

3

№6110 жана №6111 шайлоо участкаларынын аймагы

Манас жана Ч.Сатаев көчөлөрүнүн кесилиши

18.10.2023

17:00

 

 

40

 

У.Атагелдиев

 

А.Кушубеков

Н.Турдалиев

Ж.Иманалиев

М.Уркумбаева

 

4

№6112 жана №6113 шайлоо участкаларынын аймагы

Ч.Айтматов жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши

19.10.2023

17:00

 

 

40

К.Жыргалбаев

 

Ж.Туугунбаев

Б.Авазбеков

У.Назаралиев

М.Кулмырзаев

5

№6114 шайлоо участкасынын аймагы

К.Токтогулов жана Куреңкеев

көчөлөрүнүн кесилиши

20.10.2023

17:00

 

40

Э.Мамбеталиев

 

Р.Исаева

Э.Мамбеталиев

М.Жыргалбаев

Б.Багышбеков

 

 

Жооптуу катчы

А.Сариева