Редакцияот 21.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

2023-жылдын 21-сентябры № 25/4

Жаңы-Турмуш айылындагы мечиттин жарым жер аянтын айыл өкмөтүнүн менчигине өткөрүү жөнүндө

1.   Жаңы-Турмуш айылынын тургуну Чынара Бакыбаевага “ Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин Алай филиалы тарабынан “ Эркебай уулу Жуматай” атындагы мечиттин жанында жайгашкан аянты 1314,46 чарчы метрди түзгөн 5-01-051002-0017 сандуу сыр белгиси ыйгарылган жер тилкесине 2017-жылдын 13 июнунда Ч сериясындагы 714644 сандуу жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны айыл өкмөтүнүн менчигине алуу жөнүндө Жошолу айылдык кеңеши токтом кылат.

 

2.    Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62-ст 1-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жер участогуна болгон укугунан ыктыярдуу баш тарканда ,жер участогуна болгон укугу токтотулат.

 

3.    Аталган Кодекстин 64-ст 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, ушул кодектин 62-стаьясынын 3,4,5,7,9,12 – пункчаларында жана 66-статьянын 1-пунктунун 1 жана 3-пункчаларында каралган негиздер боюнча жер участогуна укук токтотулган учурда , жер участоктору мамлекетке же муниципалдык менчик ээсине өтөт.

 

4.   Жаңы-Турмуш айылынын тургуну Чынара Бакыбаевага “ Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин Алай филиалы тарабынан “ Эркебай уулу Жуматай” атындагы мечиттин жанында жайгашкан аянты 1314,46 чарчы метрди түзгөн 5-01-051002-0017 сандуу сыр белгиси ыйгарылган жер тилкесине 2017-жылдын 13 июнунда Ч сериясындагы 714644 сандуу жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актнан өз ыктыяры менен баш тарткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн.

 

5.   Ушул токтомдомдун аткарылыш камсыз кылуу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жээнбековго милдеттендирилсин , ал эми көзөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулуна жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Танаев