Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

2023-жылдын 6-октябры № 3

Кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Өрүктү айылдык аймагында аткарылып жаткан жана аткарылган долбоорлордун кошумча жумуштары үчүн сметалардын негизинде кошумча акча каражаттарын кароо боюнча айылдык аймактын башчысы Р. Кийикбаевдин билдирүүлөрүн эске алып, акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы токтом кылат:

 

1.  Өрүктү айылындагы Р. Надырбеков көчөсүнө асфальт төшөө долбоору боюнча сметанын жана аткарылган иштердин актысынын негизинде “Амантур Строй Сервис” ЖЧКсына 936,5 миң сом, Өрүктү айылындагы паркты куруу долбоору боюнча “Марлен-АС” ЖЧКсына 2 000,0 миң сом, Жалпы 2 936,5 миң сом акча каражаты кошумча аткарылган иштер үчүн ажыратылып берилсин.

 

2.  Жогорудагы акча каражаттарынын тиешелүү статьядан которулуусун камсыздоо айыл аймактын ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

К. С. Усенбаева