ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2023-жылдын 6-октябры № 1
Өрүктү айыл аймагында Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215 Жарлыгына ылайык, Элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн Өрүктү айыл аймагында коомдоштуктардын жыйынын жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү чечимин кабыл алуу максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215 Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында Элдик курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин чечими менен бекитилген Нускамага ылайык, Өрүктү айыл аймагында коомдоштуктардын жыйынын жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу, өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы, өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо үчүн айыл аймактын айылдарында коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги, жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү күнү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Элдик курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин чечими менен бекитилген Нускамага ылайык, Өрүктү айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарынын жалпы саны 50 делегат болуп бекитилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |
Өрүктү айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2023-жыл 6-октябрындагы кезексиз Х сессиясынын №1 токтомуна №1 тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик
курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215 Жарлыгына ылайык, Элдик курултайга
делегаттарды шайлоо үчүн Өрүктү айыл аймагында коомдоштуктардын жыйынын
жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу, өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы.
1. К. С. Усенбаева – Жергиликтүү Кеңештин төрайымы, жумушчу топтун төрайымы;
2. Г. А. Турдугулова – жергиликтүү Кеңештин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы;
Мүчөлөрү:
3. Сейитмурза уулу Мирбек – жергиликтүү Кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
4. Абдраимов Нурбек – жергиликтүү Кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
5. Турдуева Гүлүмкан – жергиликтүү Кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
6. Макамбаев Ибадилла – Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;
7. Аширбек уулу Кенжебек – Өрүктү айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;
8. Тажибаев Бакытбек – Өрүктү-Сай айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;
9. Муса уулу Өмүрзак – Кең-Кол айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;
10. Токтогулов Кубаныч – Жаштар коомунун мүчөсү, жумушчу топтун мүчөсү;
11. Ниязбеков Шералы – Өрүктү айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси, жумушчу топтун мүчөсү.
Жооптуу катчы | Г. Турдугулова |
Өрүктү айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2023-жыл 6-октябрындагы кезексиз Х сессиясынын №1 токтомуна №2 тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик
курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215 Жарлыгына ылайык, Элдик курултайга
делегаттарды шайлоо үчүн Өрүктү айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына
делегаттарды шайлоо максатында Өрүктү айыл аймагынын айылдарында
өткөрүлүүчү коомдоштуктардын жыйындарынын графиги.
№ | Айылдын аталышы | Өткөрүү күнү | Өткөрүү убактысы | Өткөрүлүүчү орду |
1 | Өрүктү айылы | 17-октябрь | 11:00 | Р. Надырбеков атындагы маданият үйү |
2 | Өрүктү-Сай айылы | 17-октябрь | 14:00 | М. Осмонбеков атындагы маданият үйү |
3 | Орто-Токой, Чолок-Тума айылдары | 19-октябрь | 10:00 | Үч-Терек мектеби |
4 | Кең-Кол айылы | 19-октябрь | 13:00 | Ынтымак мектеби |
6 | Жыл-Булак участкасы | 19-октябрь | 14:30 | Жыл-Булак көчөсү |
Жооптуу катчы | Г. Турдугулова |
Өрүктү айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2023-жыл 6-октябрындагы кезексиз Х сессиясынын №1 токтомуна №3 тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик
курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215 Жарлыгына ылайык, Элдик курултайга
делегаттарды шайлоо үчүн Өрүктү айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына
делегаттарды шайлоо максатында өткөрүлүүчү коомдоштуктардын жыйындарын
уюштуруу жана өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын
тизмеси.
№ | Айылдын аталышы | Өткөрүү күнү | Байланыш номери | Өткөрүлүүчү орду |
1 | Өрүктү айылы | Аким уулу Азамат Кулматов Марс Ирисматова Гүлайша Чолпонкулова Гүлжамал Токтомушев Акыл Сапарова Бүбайша Абдраимов Нурбек Бузурманкулова Тинатин Абдиев Санжар | 0772010777 0501140079 0771365036 0501196518 0779270279 0777506222 0770546237 0772643829 0220195424 | Р. Надырбеков атындагы маданият үйү |
2 | Өрүктү-Сай айылы | Хасанбаев Жолдошбай Бөрүбеков Замирбек Бекназарова Гүлмира Оңолбаева Толгонай Сейитмырза уулу Мирбек | 0500449524 0553562400 0706515485 0500191289 0755882220 | М. Осмонбеков атындагы маданият үйү |
3 | Орто-Токой айылы | Темиралиев Райымалы | 0779540254 | Үч-Терек мектеби |
4 | Чолок-Тума айылы | Турдуева Гүлүмкан Дооронбеков Азамат | 0779356768 0778849423 | Үч-Терек мектеби |
5 | Кең-Кол айылы | Арстанбеков Жумадил Өмүрзакова Ыкылым | 0774015889 0779822730 | Ынтымак мектеби |
6 | Жыл-Булак участкасы | Наримбетов Султанбек | 0770199093 | Жыл-Булак көчөсү |
Жооптуу катчы | Г. Турдугулова |
Өрүктү айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2023-жыл 6-октябрындагы кезексиз Х сессиясынын №1 токтомуна №4 тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик
курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215 Жарлыгына ылайык, Элдик курултайга
делегаттарды шайлоо үчүн Өрүктү айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды
өткөрүүнүн графиги
№ | Айылдын аталышы | Өткөрүү күнү | Өткөрүү убактысы | Өткөрүлүүчү орду |
1 | Өрүктү айылы | 18-ноябрь 2023-жыл | 11:00 | Р. Надырбеков атындагы маданият үйү |
Жооптуу катчы | Г. Турдугулова |