Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

2023-жылдын 6-октябры № 2

Өрүктү айылдык аймагынын 2023-жылдын IV кварталына карата бюджетине статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Өрүктү айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмонбековдун банктык коштоо боюнча акча каражаттарынын сарпталышы жана башка иш-кагаздары жөнүндөгү билдирүүлөрүн эске алып, жергиликтүү бюджеттин IV кварталга карата чыгаша бөлүгүнө статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы токтом кылат:

 

1.  Өрүктү айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.

 

2.  Өрүктү айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин ЖКХ бөлүгүнүн 3111 статьясынан 2215 статьясына 1 200,0 миң сом, 2221 статьясына 1 000,0 миң сом, 2512 статьясына 450,0 миң сом, Жалпы 2 650,0 миң сом акча каражатын жылдырууга уруксат берилсин.

 

3.  Жогорудагы акча каражаттарын тиешелүү статьяларга жылдырып, КР Мыйзамдарынын чегинде өз максатында пайдалануу айылдык аймактын ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.

 

4.  Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

К. С. Усенбаева