Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

2023-жылдын 6-сентябры № 1

Акча каражатын статьяга жылдыруу жөнүндө

Өрүктү айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмонбековдун, инвестиция тартуу боюнча башкы адиси С. Манабаеванын билдирүүлөрүн эске алып, айыл аймактагы мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу бир нече жолу берилген конкурстун өтпөй калгандыгына байланыштуу, айыл аймактын жергиликтүү бюджетинин тиешелүү статьяларына акча каражаттарын жылдырууга уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:

 

1.  Айыл аймагынын бюджетинен ЖКХнын 3111 статьясынан ЖКХнын 2221 статьясына 1 000,0 миң сом акча каражаты;

ЖКХнын 3111 статьясынан ЖКХнын 2215 статьясына 750,0 миң сом,

жалпы 1 750,0 миң сом жылдырууга уруксат берилсин.

 

2.  Айыл аймагынын атайын каражатынан аппараттын 3111 статьясынан аппараттын 2221 статьясына 1 000,0 миң сом, жалпы 1 000,0 миң сом акча каражатын жылдырууга уруксат берилсин.

 

3.  Жогорудагы белгиленген каражаттарды тиешелүү статьяларга мыйзамдын чегинде жылдыруу ФЭбнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.

 

4.  Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

К. С. Усенбаева