ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 1
Өрүктү айыл өкмөтү жана Ала-Бука айыл өкмөттөрүн ирилештирип бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзулүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ №350 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде болгон кеңешменин №20-12 сандуу протоколунун 5-пунктунда көрсөтүлгөн тапшырмалардын негизинде, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 23.08.2023-жыл №202-б буйругуна жана Өрүктү айылдык аймагынын жергиликтүү жашоочуларынын жалпы жыйынынын 07.09.2023-жылдагы №3 Протоколуна ылайык Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык кеңеши тарабынан Ала-Бука айыл өкмөтү менен Өрүктү айыл өкмөттөрү ирилештирилип, бириктирилгенге макулдук берилсин.
2. Ала-Бука айыл өкмөтү жана Өрүктү айыл өкмөттөрү бириктирилгенден кийин аты Ала-Бука айыл өкмөтү болуп өзгөртүү жагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |