ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 2
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш үчүн ата-энелердин төлөмүн бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын ата-энелери менен өткөрүлгөн жыйындын протоколунун негизиндеги №16 “Бүчүр”, №30 “А. Пирматов” жана №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун кайрылууларын эске алып, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш үчүн ата-энелердин төлөмүнүн өлчөмүн бекитип берүү максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагындагы №16 “Бүчүр”, №30 “А. Пирматов” жана №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдардын ата-энелеринин жалпы жыйындарынын протоколдору жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун кайрылуулары эске алынсын.
2. Тамак-аш үчүн ата-энелердин төлөмү төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин:
- Мектепке чейинки билим берүү уюмуна барган ар бир баланын бир күндүк тамак-ашы үчүн ата-энелердин эсебинен 40 (кырк) сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин.
- Тоголок жетим балдар үчүн – 00 сом,
- Бир үй-бүлөдөн үчтөн көп бала мектепке чейинки билим берүү уюмуна барса үчүнчү жана андан көп бала үчүн 50% төлөм (бир күн үчүн 20 сом) белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл аймактагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлоруна жүктөлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |