ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 4
Чолок-Тума айылындагы көчөгө Дооронбеков Насирдиндин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Өрүктү айылдык кеңешинин социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук, этика жана мандат, жаштар, спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 19-майындагы отурумунун корутундусун угуп, Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы токтом кылат:
1. Айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алуу менен Өрүктү айыл аймагында 1948-жылы туулган, маркум Дооронбеков Насирдиндин ысымын Чолок-Тума айылындагы көчөгө (Чолок-Тума 2) ыйгарууга уруксат берилсин.
2. Жаңы аталышы боюнча көчө белгилерин даярдоо, аталган көчөнүн инфраструктурасын жакшыртуу, жарыктандыруу, сүрүп-тегиздөө жана башка демөөрчүлүк иштерин мүмкүнчүлүгүнө жараша аткаруусу маркумдун жакындарына сунушталсын.
3. Аталган көчөнүн жаңы аталышы боюнча иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык даярдоо маркумдун уулу А. Дооронбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук, этика жана мандат, жаштар, спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |