ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 6
Кең-Кол айылындагы №29 “Ынтымак” мектебине Кийикбаев Нарбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кең-Кол айылындагы №29 “Ынтымак” жалпы негизги билим берүүчү мектебинин педагогикалык кеңешмесинин жана Кең-Кол айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын чечимине ылайык №29 “Ынтымак” жалпы негизги билим берүүчү мектебинин эмгек жамаатынын кайрылуусунун негизиндеги Өрүктү айылдык кеңешинин социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук, этика жана мандат, жаштар, спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 19-майындагы отурумунун корутундусун угуп, Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы токтом кылат:
1. Айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана агартуу тармагынын абалын чыңдоого кошкон салымын эске алуу менен Өрүктү айыл аймагында 1943-жылы туулган, маркум Кийикбаев Нарбектин ысымын Кең-Кол айылындагы №29 “Ынтымак” жалпы негизги билим берүүчү мектебине ыйгарууга уруксат берилсин.
2. Мектептин аталышын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигине сунуштоо үчүн Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө сунуш берилсин жана башка тиешелүү иш кагаздары менен Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу №29 Ынтымак жалпы негизги билим берүүчү мектебинин директору Б. Абдумажитовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук, этика жана мандат, жаштар, спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |