Редакцияот 22.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезексиз жыйырма биринчи сессиясы

2023-жылдын 22-сентябры № 115

Айрыбаз айыл аймагын , Майдан айыл аймагы менен бириктирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында , Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “ Жергиликтүү мамилекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык жана Айрыбаз айыл аймагын , Майдан айыл аймагы менен бириктирүүнү айылдык кеңеш карап талкуулап чыгып төмөнкүдөй

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Айрыбаз айыл аймагын , Майдан айыл аймагы менен бириктирүүгө макулдук берилсин.

2.     Айрыбаз айыл аймагын , Майдан айыл аймагы менен бириктирүүнү Кадамжай районунун администациясына сунушталсын.

3.     Ушул токтомдун аткарылышын жана тийешелүү маалыматтарды тактоо айыл Өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Айрыбаз

айылынын айылдык

кеңешинин төрайымы;

 

 

А.Салиева