Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жыл 7-августундагы № 81/XXVIV-24
“Кызыл-Октябрь айыл аймагында «Ороситель Ак-Тилек» жана “Чоголдок-Талгар” суу пайдануучулар ассоцациясынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмарын, суткалык жөнгө салуу бассейинин муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө”
Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы “Ороситель Ак-Тилек” суу падаланчуулар ассоциациясынын 2023-жылы 10-июлунда №2 зоналдык өкүлдөрүнүн жыйынынын протоколунун, ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана Кашкелен айылынын “Истам” суу чарба курулмаларын, суткалык жөнгө салуу бассейинин, ошондой эле Кызыл-Октябрь айылынын “Чоголдок-Талгар” СПА ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын муниципалдык менчикке өткөрүп берүүсүн карап, талкуулап.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 5-п. 84-беренесин жетекчилике алып;
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын башчысына “Ороситель Ак-Тилек” СПА ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын, “Истам” суу чарба курулмасын суткалык жөнгө салуу бассейинин жана “Чоголдок-Талгар” СПА ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын муниципалык менчикке алынсын .
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Асанов Т.А. жүктөлсүн.
Төрага | Э.М. Кочоров |