Редакцияот 02.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезексиз жыйырма экинчи сессиясы

2023-жылдын 2-декабры № 119

Кадамжай райондук мамлекеттик администациясы, Кыргыз Республикасынын Министилер Кабинетине караштуу мамлекетик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 01-13/442 катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын финансы Министирлигине караштуу салык кызматынын билдирүүсүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан жүзөгө ашырылат деп көрсөтүлгөндүктөн Салык кодекисинин 3-беренесинин 2- пункутун кароо жөнүндө

Эскертүү: Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 2-декабрындагы № 119 токтомунун дата кагаз вариантына ылайык келтирилген.

 

  Кадамжай райондук мамлекеттик администациясы, Кыргыз Республикасынын Министилер Кабинетине караштуу мамлекетик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 01-13/442 катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын финансы Министирлигине караштуу салык кызматынын билдирүүсүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан жүзөгө ашырылат деп көрсөтүлгөндүктөн Салык кодекисинин 3-беренесинин 2- пункутун айылдык кеңеш карап талкуулап чыгып төмөнкүдөй.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Айрыбаз айыл аймагында айыл чарба жер салыктарына 1,2 коэффициенти бекитилсин.

2.     Айыл чарбасына арналбаган жерлер үчүн алынуучу салыктар 1,5 коэффициенти бекитилсин.

3.     Таштандыларды чыгаруу салыгы 50 сомго калтырылсын.

4.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы,бюджет экономика комиссиясына тапшырылсын.

 

Айрыбаз

айылынын айылдык

кеңешинин төрайымы;

 

 

А.Салиева