Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-майы № 14/1
Кара-Кулжа айылындагы жаны ачылган Мин-Өрүк жана Билимтай атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбиялануудагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 4 “Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынын 28 - апрель 2023-жылдагы № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат:-
1. Кара-Кулжа айылынын А.Юсупов атындагы көчөдө жайгашкан Мин-Өрүк атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбиялануудагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмүн бекитүү жөнүндөгү 3- апрель 2023-жылдагы № 3 ата-энелер жыйынынын протоколдук чечими эске алынсын жана балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмү 1000 (миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айылынын М.Алиев атындагы көчөдө жайгашкан Билимтай атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбиялануудагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмүн бекитүү жөнүндөгү 12- апрель 2023-жылдагы № 1 ата-энелер жыйынынын протоколдук чечими эске алынсын жана балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмү 1000 (миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Бөрүбаев |